facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

22.04.2025

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы Абитуриенттерди чакырат

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы Абитуриенттерди чакырат

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы жогорку кесиптик мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жогоркуюридикалык билимдүү квалификациялуу адистерди даярдоону жүзөгө ашырат. Окутуу күндүзгү окуу формасы боюнча төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт:

- “Укук коргооишмердүүлүгү” адистиги боюнча гранттык негизде;

- “Юриспруденция” адистиги боюнча акы төлөнүүчү негизде.

ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ КҮНДҮЗГҮ ОКУУ ФОРМАСЫ Гранттык негиздекүндүзгү окуу формасында “Укук коргоо ишмердүүлүгү” багыты боюнча курсанттарды даярдайт. Окуу мөөнөтү – 4жыл. Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына дене тарбия даярдыгынан кошумча сынактан ийгиликтүүөткөн жана жалпы республикалык тесттирлөөнүн тастыктамасын тапшырган жалпы орто же кесиптик орто билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат. Гранттык негиздекүндүзгү окуу формасын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө “Укук коргоо ишмердүүлүгү” багыты боюнча “бакалавр”квалификациясын ыйгаруу менен жогорку кесиптикбилими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет жана“милициянын лейтенанты” биринчи атайын наамы ыйгарылат.

Гранттык негизде күндүзгү окуу формасына тапшыруу үчүнкеректүү документтердин тизмеси: - окууга тапшыруу жөнүндө жеке арыз; - өмүр баян – 2нускада (колго жазылган жана компьютерге басылган); - анкета; - өмүр баяндык реферат (3 барактан кем эмес); - акыркы жумушордунан (кызматынан) же окуусунан берилген кызматтык мүнөздөмө; - сунуштама кат – 3 даана (милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү тарабынан тастыкталып, мөөрүбасылган); - милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнөн маалым кат; - кылмыш иликтөөбөлүмүнүн ыкчам өкүлүнөн маалым кат; - Кыргыз Республикасынын ИИМдин аскердик-дарыгердик комиссиясынын медициналыккорутундусу; - паспорттун көчүрмөсү (ID картанын алдыңкы жана арткы беттери); - туулгандыгытууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (каттоодокументтерине өзгөртүүлөр киргизилген болсо) - 9x12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт; - билими тууралуудокументтин түп нускасы (жалпы орто билими тууралуу аттестат же кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом); - аскердиккаттоого коюу жөнүндөгү күбөлүктүн же аскердик билеттин түп нускасы (эркек жарандар үчүн); - “Түндүк”электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан жашаган жери тууралуу маалымат; - “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан катталган жери жөнүндөмаалымат.

Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультети Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультети “Юриспруденция” багыты боюнча“бакалавр” квалификациясын ыйгаруу менен студенттерди даярдайт. Окуу мөөнөтү – 4 жыл. Факультетке жалпыорто билими бар, жалпы республикалык тесттирлөөдөн ийгиликтүү өткөн адамдар кабыл алынат. Студенттерге Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызматөтөөгө чакыруунун мөөнөтү окуу мезгилинде узартылып берилет. Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү билим берүү факультетин ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргөжогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.

Акы төлөнүүчү негизде күндүзгү окуу формасына тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси: - окууга тапшыруужөнүндө жеке арыз; - өмүр баян; - анкета; - акыркы жумуш ордунан (кызматынан) же окуусунан берилген кызматтык мүнөздөмө; - № 086 формадагымедициналык маалым кат; - паспорттун көчүрмөсү; - туулгандыгытууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; - 9x12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт; - билими тууралуудокументтин түп нускасы (жалпы орто билими тууралуу аттестат же кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом); - аскердиккаттоого коюу жөнүндөгү күбөлүктүн же аскердик билеттин түп нускасы (эркек жарандар үчүн); - “Түндүк”электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан жашаган жери тууралуу маалымат; - “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан катталган жери жөнүндөмаалымат.

Сурап билүү телефондору: 0(312) 63-14-31, 63-14-19, 0550 468-787 (w/a)0705529881

Пайдалуу шилтемелер