facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

21.04.2025

Базар-Коргондо пробация бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Базар-Коргондо пробация бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Базар-Коргондо пробация бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

ИИМдин Тергөө кызматына арыз менен У.Т. аттуу жаран кайрылып, Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин Жалал-Абад облусунун Базар Коргон бөлүмүнүн кызматкерине карата чара көрүүну суранган, себеби 2024-жылдын башынан бери камакка алам деп коркутуп акча талап кылып 1000, 3000, 5000 сомдон болуп 40 000 акча алганын, жана учурда дагы 20 000 сом пара талап кылып жатканын айтып, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.

2025-жылдын 17-апрель күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун пробация бөлүмүнүн кызматкери 1981-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран 20 000 сом алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер