18.04.2025
Күзөт кызматында «Жаңы муун-жаркын келечек, таза муун-коопсуз келечек” аталышындагы форум өттү
Бүгүн, 2025-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматында “ Жаңы муун-жаркын келечек ,таза муун- коопсуз келечек” аталышындагы жаштар форуму болуп өттү.
Аталган форум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Форумдун негизги максаты- өсүп келе жаткан муундарга туура маалымат берүү, тарбиялоо жана аларды окууга, өнүктүрүүгө жана талыкпай иштөөгө чакыруу, аларга өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана ийгиликтүү максаттарга жетүү үчүн шыктандырып, насаатчы боло ала турган ийгиликтүү адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.
Иш-чарага Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, маданият кызматкерлеринин, спорт тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле 500гө жакын мектеп окуучулары катышты.
Форумдун жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы форумдун маанисин жана анын жаштарга болгон таасирин белгилеп, форумдун максатына жетүүгө салым кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын соңунда форумдун катышуучуларына жана конокторуна ыраазычылык билдирип, сыйлыктар тапшырылды.
ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы