facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

18.04.2025

ИИМдин Басма сөз кызматы: мамлекетке жана коомго 41 жыл кызматта

ИИМдин Басма сөз кызматы: мамлекетке  жана коомго 41 жыл кызматта

Бүгүн, 18-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы 41 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

1984-жылдын 18-апрелинде пресс-бюрону өз алдынча түзүмдүк бөлүм катары түзүү жөнүндө ведомстволук буйрукка кол коюлган. Ошондон бери кызмат ИИМ системасында маанилүү роль ойногон башкы башкармалык болуп кайра түзүлүп, өнүгүүнүн чоң жолун басып өттү.

Ар кайсы жылдары Басма сөз кызматын тажрыйбалуу жана өз ишине берилген адистер башкарган: Виктор Ярцев, Эдил Искаков, Жолдошбек Бузурманкулов, Нурдин Жангараев, Аида Бакирова, Руслан Умарбеков, Рахматулло Ахмедов, Гүлсара Алиева, Эсен Салиев, Жоробай Абдраимов, Бакыт Сеитов, Тилек Оторов. Бүгүн күндө кызматты Султан Макилов жетектеп келүүдө.

Өткөн жылдар аралыгында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка ыкчам, так жана калыс маалымат берип келген ынтымактуу жана кесипкөй өздүк курам калыптанды. ИИМдин маалыматтык саясатын ишке ашыруу милдети жүктөлгөн кызмат 41 жылдын ичинде кубаттуу жана көп тармактуу түзүмгө айланды. Курамына бир гана кызматкер кирген пресс-топ түзүлгөндөн бери бөлүм кадрдык жана техникалык потенциалды кыйла күчөтүп, ыкчам мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, башкы башкармалыктын деңгээлине көтөрүлдү.

Басма сөз кызматкерлеринин кесипкөйлүгү медиа коомчулукта жогору бааланат. Өздүк курам күн сайын өз ишмердүүлүгүн жакшыртууга умтулат, медиа-активдүүлүктү кеңейтет, коом менен ачык жана ишенимдүү маек түзүп, ИИМдин ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кызматты аркалап, ички иштер органдарынын Басма сөз айдыңында эмгектенип келе жаткан кесиптештерибизди жана ардагерлерибизди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер