facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

17.04.2025

ИИМдин БМЖКККнын Кинологиялык борборунун кинологдору эл аралык мелдеште байгелүү орундарды ээледи

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери жана алардын «Афур» жана «Бади» аттуу кызматтык иттери «багаждагы баңгизаттарды издөө» багыты боюнча өткөрүлгөн эл аралык мелдеште 1-2-орундарга ээ болушту.

Мелдеш Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматтарынын окуу борборунун аймагында өттү. Бул иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн бажы жана чек ара ведомстволорунун кинологиялык бөлүмдөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн катышуусунда өттү.

Мелдешке Казакстан Республикасынын Каржылык мониторинг агенттигинин,
Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын УКМК кызматынын, Таджикстан Республикасынын Президентинин алдындагы БКАнын, Түркмөнстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзбекстан Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Кинологиялык борборунун командалары катышты.

Белгилей кетсек, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлеринин жеңиши, бул кызматтык иттеринин жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн, ошондой эле баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүшүнө каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн тастыктайт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер