facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

16.04.2025

Анвар Алиевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча биринчилик өттү

2025-жылдын 15-16-апрель күндөрү милициянын полковниги Анвар Алиевдин жаркын элесине арналган ИИМдин Борбордук аппаратынын футбол боюнча биринчилиги өткөрүлдү.

Иш-чарада ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Ибраев ички иштер органдарына зор салымын кошкон кесиптеши Анвар Алиевдин элеси кыргыз милициясында түбөлүккө сакталарын баса белгиледи.  

Эки күнгө созулган оюнга он эки команда катышып, жеңүүчүлөргө грамота жана сыйлуу белектер ыйгарылды.  Анда ИИМдин БМЖККК командасы биринчи, ИИМдин КИББнын командасы экинчи, үчүнчү орунду ИИМдин ЭММККАК кызматы алса, ал эми төртүнчү орунга Тергөө кызматы ээ болушту.

Ошондой эле жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан бул иш-чарага ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын жана башкармалыктарынын башчылары катышты.

Белгилей кетсек, мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге да номинациялар тапшырылды. “Мыкты дарбазачы” - Мейман Абдыракманов, “Мыкты оюнчу” – Арзыбек Нурманбетов, “Мыкты чабуулчу” – Марат Ормушев аталып, баалуу белектер жана грамоталар ыйгарылды. Ал эми “Жаш курагы боюнча эң улуу” оюнчу болуп Асылбек Мамбетов аталды.  

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер