facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

20.03.2025

ИИМ: Баткенде Нооруз майрамына карата гарнизондук саптык кароо болуп өттү

Баткен шаарында Нооруз майрамына карата Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов гарнизондук саптык кароо өткөрдү.

Гарнизондук саптык кароого Баткен ОИИБнын, Баткен шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, КР ИИМнин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери жана КР ИИМнин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери ошондой эле Баткен облус аймагындагы шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Саптык катарга тизилген ар бир кызматкердин кийимдери текшерилип, тийиштүү тапшырмалар берилди.

Андан соң Баткен ОИИБдин чоң залында жыйын болду. Жыйында Октябрь Урмамбетов коомдун коопсуздугун камсыздоо багытында Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү 2021-жылдын 5-майындагы №60 мыйзамында белгиленген укук бузуулардын алдын алууда тийиштүү субьекттердин ишмердүүлүгү боюнча токтолуп өттү.

Ошондой эле ИИМдин стратегиялык багытындагы “Коопсуз өлкө” планын ишке ашырууда ИИОнун бөлүмдөр ортосундагы биргелешкен иш планын иштеп чыгуу жагын жеткирип, милициянын ишин жакшыртуу максатында бир топ тапшырмаларды берди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер