facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

10.03.2025

ИИМ: 300 миңден ашык жасалма АКШ доллары менен чет элдик жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери тарабынан жасалма акча тараткандарды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Жасалма акча жасоочулардын ишин аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында ыкчам иштер жүргүзүлдү.

Кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө кылмышкерлерди ачыктоо боюнча атайын иш чаралар өткөрүлдү. Буга чейин бир нече жаран криптовалюта сатып алганы жатат деген маалыматтар таратылып, бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алдамчылар жана жасалма акча менен төлөөгө аракет кылышат деген божомолдор болгон. 

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында кылмышка шектүү катары чет өлкөлүк 2001-жылы туулган С.И. аттуу жаранды кармашты. 

Факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду. 

Шек жаратып кармалган жарандан 362 900 АКШ доллар өлчөмүндө жасалма акча каражаты табылып, алынган. Аталган жаран шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Учурда кылмыштуу топтун калган катышуучуларын аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер