14.02.2025
Опузалап талап кылуу фактысы менен Энергетика министринин мурунку орун басары кармалды
13-Февраль күнү 2025-жылы ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 000 (жыйырма миң) АКШ долларын алып жаткан учурда энергетика министринин 1979-жылы туулган мурдагы биринчи орун басары Т.Э. кармалган.
Кармалган Т.Э. майнинг фермасын ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн чет элдик инвестициялык компаниядан 220 000 (эки жүз жыйырма миң) АКШ долларын талап кылып, учурдагы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаганы аныкталган.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Т.Э. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери уланууда.
Учурда Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында энергетика тармагындагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.