facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.02.2025

Ички иштер министрлиги тарабынан Октябрь РИИБде текшерүү жүргүзүлүп, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

Ички иштер министрлиги тарабынан Октябрь РИИБде текшерүү жүргүзүлүп, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

Бир катар жетекчилер кызматтык ишмердүүлүктү уюштуруудагы кемчиликтери жана кол алдындагыларга көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн ээлеген кызматтарынан бошотулган:

-Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин башчысы Эмирлан Зарылбек уулу;

- коомдук коопсуздук кызматы боюнча орун басары Турат Жакшылыков;

- кадрлар боюнча орун басары Эрнист Арымбаев ээлеген кызматтарынан бошотулду.

- Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Кубат Шабданбек уулу жана анын орун басары Айбек Темирбаев;

-жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын башчысы Токтобек Чыбылдиев;

-кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Султангазиев;

-кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алманбет Алибеков;

-Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Урмат Ибрасулов;

-Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Санжар Молдобаев;

-Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Марат Раззаков;

-Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нурлан Джамгырчиев.

Ошондой эле, Октябрь РИИБдин №3 жана №4 шаардык милиция бөлүмдөрүнүн башчылары Чынгыз Намазалиев жана Сталбек Токтогазиевге кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө тартиптик жазасы берилди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир болгон мыйзам бузуу жоопкерчиликсиз калбастыгын жана ар бир мыйзам бузууга барган кызматкерлерге, түздөн түз жетекчилерине принципиалдуу баа берилерин билдирет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер