06.02.2025
ИИМ: Алдамчылыкка шектелген кызмат адамы кармалды
2025-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына, А.Ж аттуу жаран кайрылган. Анда, 2024-жылы март айында М.С. жана Р.Т. аттуу жарандар жогору жакта иштеген тааныштары аркылуу, жогорку кызматка дайындоону убада кылып, ишеничине кирип 100 000 АКШ долларын алдап алышып издерин жашырып кеткендиктен, аларга карата чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 29-январында кылмышка шектүү катарында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу айылдарынын биринин айыл башчысы 1978-жылы туулган М.С.. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда сот тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып, камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы