facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

02.02.2025

Абайлагыла, шылуундар! ИИМ фейк билдирүүлөрдү тараткан шектүү жаранды кармады

Интернет тармагында ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрү колдонулган жарнамалык басылмалар таркап жатат. 

Ал жарнамаларда, ИИМдин Кибер бөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акча каражаттарын кайтарып берүүгө жардам берери көрсөтүлгөн. Мындай аракеттер жарандарды адаштырууга багытталган алдамчылык схемаларынын бир бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана бул жайылтылып жаткан маалыматка тиешеси жок экендигин билдирет.

Ички иштер органдары тарабынан мындай чындыкка дал келбеген (фейк) маалыматтарды таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголду.

Кечээ, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, аталган укукка каршы жосундарга тиешеси бар шектүү Чүй облусунун тургуну, кош жарандыгы бар
1985-жылы туулган, С.М. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

Шектүүнүн убактылуу жашаган жеринен тинтүү учурунда накталай акча каражаттары,
роутерлер, банк карталары, уюлдук компаниялардын 90 даанадан ашык сим-карталары, сим-бокс жабдуулары табылып, алынган.

Маалымат үчүн: Сим-бокс (SimBox) - бул уюлдук байланыш тармагын алдап, эл аралык чалууларды жергиликтүү деп жашыруу үчүн колдонулуучу шайман. Алдамчылыктын бул ыкмасын шылуундар көбүнчө эл аралык чалууларды ички же акысыз чалуулардын баасына жасоо үчүн колдонушат.

Учурда кармалган адамдын байланыштары жана уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон байланыштары, анын ичинде чет өлкөдөн каржылоо жана жабдуулардын келип чыгышы текшерилип жатат. Ошондой эле анын башка мыйзамсыз алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар экендиги текшерилет.
 
Тергөө иштери улантылууда.

ИИМ жарандарды сак болууга жана шектүү билдирүүлөрдү алуудан мурун, маалыматты Ички иштер органдарынын расмий булактары аркылуу гана текшерүүгө чакырат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер