facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

30.12.2021

Улан Ниязбеков: Жаңы жыл майрамына арналган иш-чараларда элдин коопсуз эс алуусуна бардык тиешелүү шарттар түзүлөт

2021-жылдын 30-декабрында Улан Ниязбеков жаны жылдык майрамдар учурунда коомдук коопсуздукту сактоо багытында ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерип,  ИИМдин борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, облустук жана шаардык милициянын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү.

Министр онлайн кеңешмеде 2021-жылдагы ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүнө  баа берүү менен бирге олуттуу багыттарды баса белгиледи.

“2021-жыл аяктап, Жаңы 2022-жылды тосуунун алдында турабыз. Аяктап бара жаткан жыл, ички иштер органдары үчүн бир катар кыйынчылыктарды жараткан ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жылдан болду. Бирок, өйдө-төмөн оорчулуктарга карабастан элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп,  алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга жетиштик.

Эң негизгиси элди сервистик тейлөөнүн жаңы ыкмасына өтүп, заманбап технологияларды колдонууга багыт алдык.  Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакында эле Президентибиздин катышуусунда болуп өткөн отурумда “Ички иштер органдарынын ишмердиги жана жетишкендиктери жөнүндө” баяндама жасадым. Отурум учурунда, жол-унаа кырсыктарынын санын азайтып, адам өлүмү менен коштолгон фактыларды алдын алуу боюнча тапшырмалар коюлду. Жол эрежесин бир тартипке келтирүү максатында тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды, аны менен бирге комплекстүү иш-чаралар мерчемин иштеп чыгып, күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүлүшү керек.

Андан тышкары, иш кагаздарын электрондук тартипке өткөрүү жөнүндө тапшырма берилди. Заманбап технологиянын мейкининде жүгүртүлө турган иш кагаздарды ырастап, “Алгоритм” жана “Жобо” иштеп чыгып, жакынкы аралыкта электрондук форматка өтүүгө милдеттүүбүз.

Ички иштер министрлиги тарабынан мындан ары аткарыла турган иштер көп. Аяктоого үлгүрбөй калган кызматтык имараттарды оңдоп-түзөөнү аягына чыгып, кооптуу болгон аймактарга пункттарды куруп, укук бузууларды алдын алуу үчүн видео-камераларды орнотуу иштерин улантабыз.

Эң негизгиси элди сервистик тейлөөнү күчөтүп, кылмышка каршы күрөшүүгө багытталган иштерди токтоосуз жүргүзөбүз. Мыйзамдын талаптарына ылайык, жергиликтүү бийлик органдары коопсуздук иштерине көңүл бурушу керектигин туура жеткирип, аймакты коопсуз өнүктүрүү боюнча келээрки жылга биргелешкен иш-чараларды иштеп чыгыңыздар. Милициянын башкы максаты – укук жана мыйзам бузууларды алдын алып, коопсуз мамлекет куруу болуп эсептелет. Жаңы жылдык иш-чаралар учурунда, элдин коопсуз эс алуусуна бардык тишелүү шарттар түзүлсүн.

Ким гана болбосун укугу корголуп, эгерде мыйзамды бузуу аныкталса, жооп бериши керек деген принцип менен иш алып барыңыздар. Элдин ишенген тиреги, таянган адамы милиция болушу керек. Коомчулуктун кызматына чыккан ар бир кызматкер өз кызыкчылыгын эмес, элдин коопсуздугун ойлошу керек. Келип түшкөн чакырууларга өз убагында барбай, жарандарга оройлонгон кызматкерлер биринчи жетекчиси менен кошо кызматтан кетет. Бул талапты ар бир кызматкерге жеткирип коюңуздар. Майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук-саясий кырдаал туруктуу сакталып, чек-ара, улуттар аралык чыр-чатактарга жол берилбесин. Биринчи жетекчилер жеке өзүңүздөр коопсуздук маселесин колго алып, бардык уюштуруу жана элди сервистик тейлөө иштерин көзөмөлдөп, иш алып барыңыздар,- деди ички иштер министри Улан Ниязбеков
Ошондой эле аппараттык кеңешменин жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын алдына жалпы 10 нускамалык тапшырмаларды койду.

Биринчи нускама: Жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар учурунда массалык бейбаштыктарга, жол эрежесин одоно бузууларга, элдин тынчын алган окуяларга жол берилбесин;

Экинчи нускама: Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жайларда күнү-түнү кайгуул иштери жүргүзүлүп, жардам сурап кайрылган жарандарга жеринде сервистик тейлөө көрсөтүлсүн;

Үчүнчү нускама: Жол кырсыктарын алдын алуу, анын ичинде адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарын болтурбоо үчүн автобекеттерде, жүргүнчүлөрдү ташуучу түйүндөрдө жарандар менен айдоочуларга пропагандалык иштер жүргүзүлсү;

Төртүнчү нускама: Нөөмөт бөлүктөрү, кайгуул кызматтары, ыкчам-тергөө топтору, жетекчиликтен жооптуулар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып окуяларга, кылмыштарга жеринде бөгөт коюу чаралары көрүлсүн;

Бешинчи нускама: Убактылуу кармоочу жайлар, маанилүү жана өтө маанилүү объекттер күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынсын;

Алтынчы нускама: Электрондук документ жүргүзүүнү ишке ашыруу үчүн “Алгоритм” жана “Жобо” иштелип чыксын;

Жетинчи нускама: Ведомствонун ичиндеги маалыматтарды жүгүртүүгө атайын корголгон электрондук почталар түзүлүп, ишке киргизилсин;

Сегизинчи нускама: Электрондук документ жүргүзүү боюнча техникалык каражаттар менен камсыздоо үчүн керектөөлөрдүн тизмеси түзүлүп, сунуштар берилсин;

Тогузунчу нускама: Буга чейинки аппараттык кеңешмелерде айтылган, дагы бир жолу кайталап өтөм - ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилиги, жасаган жумуштары жана элди тейлөө ишмердиги жылдын жыйынтыгында коллегияда каралат. Иштей албаган жетекчилер кызматтан бошотулат, муну ачык айтып коёюн. Ошондуктан, берилген тапшырмаларды так аткарыңыздар;

Онунчу нускама: Кызматтык тартипти бузган, өз милдетин аткарбаган, милициянын баркына доо кетирип, коомчулук алдында уят кылган кызматкерлер жооптуу жетекчилери менен кошо катуу жазага тартылат. Бул талапты кызматкерлердин ар биринин эсине салып, жеткириңиздер.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер