16.01.2025
Ысык-Көл ОИИБде 2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгы чыгарылды
2025-жылдын 16-январында Ысык-Көл ОИИБдин жыйындар залында 2024-жылдын 12 айынын жыйынтыктары боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.
Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов, шаар жана райондук бөлүм башчылары, ошондой эле кызмат башчылары катышты.
Ыкчам кеңешменин башында Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлерине жана ардагерлерине коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көрсөткөн өзгөчө жетишкендиктери үчүн "Кесиби боюнча мыкты" жана "Мыкты ардагерлер кеңеши" наамдары тапшырылды. Ошондой эле ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун атынан мыкты болуп аныкталган кызматкерлерге эс алууга жолдомолор тапшырылды.
Жыйындын негизги күн тартибине 2024-жылдын жыйынтыктарын чыгарып, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата негизги уюштуруу иш-чараларын бекитүү маселелери кирди.
Адылбек Бийбосунов 2024-жылы жетишилген ийгиликтерди жана өлкөдөгү коомдук тартипти сактоо боюнча аткарылган иш-аракеттерди белгилеп, жарандардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо, санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча иштердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Андан сырткары, Ысык-Көл облусунун санариптештирүү жаатында жетишкен алдыңкы жетишкендиктерин атап өтүп, бул тажрыйбаны өлкөнүн башка облустары үчүн үлгү катары көрүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле "Коопсуз шаар" жана "Коопсуз өлкө" долбоорлорунун алкагында санариптештирүүнү жакшыртууну, ошондой эле аталган багытта иштерди кечиктирилбестен ишке ашыруу маанилүү экендигин белгиледи. Ыкчам кеңешмеде каралган дагы бир маанилүү маселе – Каракол шаарындагы кышкы туризмдин коопсуздугу. Кылмыштуулук жана укук бузууларды жоюу, туристердин коопсуздугун камсыз кылуу жана сервистик тейлөө деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын эскертти.
ИИМдин Басма сөз кызматы