facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

30.12.2021

Ош облусунун аймагында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдѳ

Ош облусунун аймагында  Жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар убагында айрыкча жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу масатында «Түнкү рейд» аталыштагы иш-чаралар жүргүзүлүүдѳ. 
Бул иш чаранын максаты  облустун аймагында жаңы жылдык иш чаралар башталгандыгына байланыштуу балдардын кароосуз кѳчѳдѳ жүрүп, ар кандай кырсыктарга кабылып калбоосу үчүн алдын алуучу түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү, кылмыштуулуктардын алдын алуу, пиротехникалык каражаттарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоо, ден соолукка зыян келтирүүчү жана ѳрт коопсуздугун  пайда кылган пиротехникалык каражаттарды пайдаланууга чек коюу, соода түйүндѳрүндѳ жаш балдарга кооптуу пиротехникалык каражаттарды саттырбоо боюнча эскертүү, түнкү компьютердик клубдарда кароосуз жүргѳн жаш балдарды аныктоо жана алардын ата-энелеринин жоопкерчилиги туралуу эскертүү болуп саналат. Мындай иш чаралар 28-декабрь күнү Кара-Суу,Ѳзгѳн, Ноокат, Кара-Кулжа  райондорунун аймаганда ѳткѳрүлдү. Бул иш чара башка райондордун аймаагында да улантылууда.

Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы.

Пайдалуу шилтемелер