facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.01.2025

Молдовада Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

Молдовада Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташтыкты чыңдоо боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Дүйнөлүк Интерпол маалымат базалары менен интеграциялоо жана чет өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен координациялоо аркылуу кылмыштардын бети ачылып, издөөдө жүргөн жарандар изделип жатат.

Биргелешкен издөө иш-чараларынын натыйжасында Молдовада 1965-жылы туулган Х.Х. аттуу жаран кармалган. Ал Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган (кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) кылмыш жасады деп айыпталууда.

Ошентип, Х.Х. аттуу жаран мамлекеттик кызматкер болуп турган учурда, материалдык киреше алуу максатында алдамчылык жолу менен С.Д. аттуу жарандан чоң суммадагы акча каражатын тартып алып, анын материалдык зыянга учурашына себеп болгон. Мындан тышкары, Х.Х. бир катар ушундай эле кылмыштарды жасоого шектелүүдө.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кармалган адамды экстрадициялоо маселеси каралууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер