facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

03.12.2024

Ички иштер министрлигинде “Ачык эшиктер күнү”: өспүрүмдөр үчүн тажрыйба, билим жана шыктандыруу.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде колледждин студенттери үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү. Иш-чара "Зордук-зомбулуксуз 16 күн" жалпы республикалык акциясынын алкагында өткөрүлүп, 200дөн ашык өспүрүмдү чогултуп, аларга укук коргоо органдарынын иши менен жакындан таанышууга, ошондой эле азыркы коомдогу зомбулукка каршы күрөштүн мааниси жөнүндө билүүгө сейрек мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Уюштуруучулар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мыйзамды урматтоого, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесибине кызыгуусун арттырууга багытталган мазмундуу жана тарбиялык программа даярдашкан.

Конокторго ИИМ тарабынан калыбына келтирилген Дзержинский атындагы жаңыланган сейил багына барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бүгүнкү күндө бул сейил багы шаардыктар үчүн жаңы жол катмары, отургучтары, гүлзарлары жана жарыктандыруу шамдары менен кооздолгон жайлуу эс алуучу жайга айланды.

Өспүрүмдөр үчүн көргөзмө уюштурулуп, анда мурда милиция колдонгон ретро унаалар жана ыкчам иште активдүү колдонулган заманбап унаалар көрсөтүлдү. Коноктор бул унааларды көрүп гана тим болбостон, алардын тарыхы, иштөө өзгөчөлүктөрү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда транспорт каражаттарын колдонуунун маанилүүлүгү жөнүндө да билишти.

ИИМдин Ыкчам чара көрүү Центр оперативного реагирования борборуна экскурсия катышуучулар үчүн өзгөчө кызыктуу болду. Бул жерде өспүрүмдөргө бөлүмдүн негизги милдеттерин: ыкчам нөөмөт кызматкерлери жарандардын чакыруусун кантип кабыл алып, иштеп чыгышат, милициянын отряддарынын ишин координациялоо жана күнү-түнү тартипти сактоо боюнча айтып беришти.

Андан соң, ИИМдин Басма сөз кызматына болгон экскурсия дагы мазмундуу болду. Балдарга коомчулук жана жалпыга маалымдоо каратжаттары менен өз ара аракеттенүү кантип түзүлүп жатканы, ошондой эле укук коргоо органдарынын позитивдүү имиджи кандайча түзүлөөрү тууралуу айтып беришти. Басма сөз кызматынын өкүлдөрү жарандарга Ички иштер министрлигинин маанилүү окуялары жана ишмердүүлүгү тууралуу ыкчам маалымат берүүгө мүмкүндүк берген заманбап технологияларды көрсөтүштү.

Иш-чаранын дагы бир өзгөчөлүгү Ички иштер министрлигинин криминалистикалык кызматы болду. Өспүрүмдөр соттук-изилдөө үчүн колдонулган жабдууларды жана методикаларды көрө алышты, ошондой эле далилдерди чогултуу жана талдоо процесси менен жакындан таанышышты. Кызматтын кызматкерлери кылмыштын бетин ачууда тактыктын жана илимий мамиленин маанилүүлүгүн түшүндүрүштү.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү Ички иштер министрлигинин жыйындар залында өттү.

Чогулгандардын алдында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаштарга милициянын милдеттерин жакшыраак түшүнүүгө, укук коргоо органдарына болгон ишенимди бекемдөөгө жана бул жаатта кесип тандоого дем берген мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министрдин орун басары өз сөзүндө зомбулуктун алдын алуу темасына өзгөчө көңүл бурду. Зордук-зомбулуктун бардык түрү менен күрөшүү укук коргоо органдарынын гана милдети эмес, коомдун ар бир мүчөсүнүн милдети экенин эске салды. "Ар бирибиз зомбулуктун курмандыгы болбостон, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоп, коопсуз жана адилеттүү коомду курууга өз салымыбызды кошушубуз керек. Биргелешкен аракеттер менен гана биз зомбулуктун алдын алууда олуттуу ийгиликтерге жетише алабыз", - деди ал.

Иш-чара өспүрүмдөргө жакшы таасир калтырып, милициянын ишинин маанилүүлүгүн жакшыраак түшүнүүгө, ошондой эле зордук-зомбулукка каршы күрөшүүнүн жана коомдогу тартипти сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө шарт түздү.

Пайдалуу шилтемелер