facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.11.2024

КР ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору-жарандар үчүн тейлөөнүн ишенимдүү стандарты болуп саналат

КР ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору-жарандар үчүн тейлөөнүн ишенимдүү стандарты болуп саналат
КР ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору-жарандар үчүн тейлөөнүн ишенимдүү стандарты болуп саналат
КР ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору-жарандар үчүн тейлөөнүн ишенимдүү стандарты болуп саналат
КР ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору-жарандар үчүн тейлөөнүн ишенимдүү стандарты болуп саналат
КР ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору-жарандар үчүн тейлөөнүн ишенимдүү стандарты болуп саналат
КР ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору-жарандар үчүн тейлөөнүн ишенимдүү стандарты болуп саналат
КР ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору-жарандар үчүн тейлөөнүн ишенимдүү стандарты болуп саналат

Кыргызстандыктарга мамлекеттик тейлөөнү сапаттуу көрсөтүү, ИИОнун ишин санариптештирүү үчүн республиканын бардык аймагында “Бирдиктүү терезе” режиминде калкты тейлөө борборлору жана пункттары иштеп жатат.

"Бирдиктүү терезе" форматы 2019-жылы мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу, жарандардын аларга жетүүсүн жөнөкөйлөтүү, кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн, жол-жоболорун жеңилдетүү, ошондой эле сапатын жогорулатуу үчүн киргизилген. Бишкекте жана аймактарда 46 тейлөө борборлору жана пункттары иштейт.

Ички иштер органдары борбордун жана пунктун келүүчүлөрү үчүн ыңгайлуу жана заманбап чөйрөнү түзүүнүн үстүндө иштешет, бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу процессин кыйла ыңгайлуу кылат.
Тактап айтканда, Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 115а дарегинде жайгашкан мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун (Чүй облусунун ИИББнын имаратында) ички жасалгасы жаңыланып, кеңсе эмеректери алмаштырылды.

Кыргыз Республикасынын ИИМ, “Бирдиктүү терезе” аркылуу жарандын соттолгон же соттолбогондугун, автотранспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү тактамаларын, жарандык жана кызматтык куралды, коркунучтуу жарылуучу материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүгө лицензияларды жана уруксаттарды алуу боюнча документтери кабыл алаарын эскертет.

Бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору жана пункттары тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылууну улантууда жана сапаттын бардык стандарттарынын аткарылышына кепилдик берет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору:

1. Бишкек ш., Курманжан-Датка көч., 115 (Чүй облусунун ИИББ - Бирдиктүү терезе);
2. Ош ш., Ленин көч., 199 (Ош ОИИБ);
3. Жалал-Абад ш., Шопоков көч., 35 (Жалал-Абад ОИИБ);
4. Нарын ш., Ленин көч., 27 (Нарын ОИИБ);
5. Талас ш., Турдалиев көч., 191 (Талас ОИИБ);
6. г Каракол ш., Туманов көч., 105 (Ысык-Көл ОИИБ);
7. Баткен ш., Раззаков көч., 4 (Баткен ОИИБ);

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү пункттары:

1. Кара-Балта ш., Жай Баатыр көч., 56 (Жайыл ОИИБ);
2. Токмок ш., Трясин көч., 147 (Токмок ШИИБ );
3. Кант ш., Тагаев көч., 8 (Ысык-Ата РИИБ);
4. Сокулук айылы, Фрунзе көч.,136 (Сокулук РИИБ);
5. Өзгөн ш., Ленин көч., 121 (Өзгөн РИИБ);
6. Гулчө айылы, Алымбек Датка көч., 149 (Алай РИИБ);
7. Кара-Кулжа айылы, С. Солпиев көч., 4 (Кара-Кулжа РИИБ);
8. Киров айылы, Кулатов көч., 50 (Ноокат РИИБ);
9. Араван айылы, Б. Айдаров көч., 42 (Араван РИИБ);
10. Дароот-Коргон айылы, Ч. Сулайманов көч., 33 (Чоң-Алай РИИБ);
11. Кара-Көл ш., Ленин көч., 11 (Кара-Көл ШИИБ);
12. Токтогул шаары, Шарипов көч., 23 (Токтогул РИИБ);
13. Таш-Көмүр ш., Некрасов көч., 7 (Таш-Көмүр ШИИБ);
14. Кербен ш., Уметалиев көч., 183 (Аксы РИИБ);
15. Майлуу-Суу ш., Верхний 13 көч. (Майлуу-Суу ШИИБ);
16. Ала-Бука айылы, Мамырбеков көч., 154 (Ала-Бука РИИБ);
17. Масы айылы, Ленин көч., 9 (Ноокен РИИБ);
18. Казарман айылы, Кожалиев көч., 102 (Тогуз-Торо РИИБ);
19. Каныш-Кыя айылы, Т. Кошбаев көч., 196 (Чаткал РИИБ);
20. Базаркоргон айылы, Б. Осмонов көч., 120 (Базар-Коргон РИИБ);
21. Сузак айылы, Сатвалды Палван көч., 4 (Сузак РИИБ);
22. Кочкор айылы, Орозбаков көч., 156 (Кочкор РИИБ);
23. Баетов айылы, Манас көч., 42 (Ак-Талаа РИИБ);
24. Ат-Башы айылы, Ж. Мутай көч., 7 (Ат-Башы РИИБ);
25. Чаек айылы, Э. Матыев көч., 101 (Жумгал РИИБ );
26. Кызыл-Адыр айылы, Межквартальный көч., 1 (Айтматов РИИБ);
27. Семетей айылы, М. Кояшев көч., 26 (Манас РИИБ);
28. Бакай-Ата айылы, Манас көч., 72 (Бакай-Ата РИИБ);
29. Көк-Ой айылы, Манас көч., 127 (Талас РИИБ);
30. Чолпон-Ата ш., Акмабай-Ата көч., 25 а (Ысык-Көл РИИБ);
31. Балыкчы ш., Т. Океев көч., 173 (Балыкчы ШИИБ);
32. Кызыл-Суу айылы, Манас көч., 232 (Жети-Өгүз РИИБ);
33. Төрт Күл айылы, Молдогазы көч., 37 (Тоң РИИБ);
34. Теплоключенка айылы, Кыдыр-Аке көч., 63а (Ак-Суу РИИБ);
35. Түп айылы, Манас көч., 3 (Түп РИИБ);
36. Кадамжай ш., Орозбеков көч., 94 (Кадамжай РИИБ);
37. Раззаков ш., И. Раззаков көч., 52 (Лейлек РИИБ);
38. Сүлүктү ш., Дзержинский көч., 1 (Сүлүктү ШИИБ);
39. Кызыл-Кыя шаары, А. Султанов көч., 1 (Кызыл-Кыя ШИИБ).

Байланыш телефондору: +996 312 266-418, +996 312 369-418, +996 312 369-413, +996 312 369 558, +996 312 369 493;

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер