facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

22.11.2024

ЖКККББда 10 айдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү

ЖКККББнын борбордук аппаратында башкы башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробековдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 2024-жылдын он айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды.

Жыл башынан тартып, ЖКККББгы тарабынан жалпысынан 890миң 461 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 525млн. 324миң 955 сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 80  006 450 сомго көп.

Алардын ичинен:

-Мас абалында унаа башкарган 11 миң 265 айдоочу;

-Ылдамдыкты ашырып айдаган 165 миң 162 айдоочу;

-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 2948 айдоочу;

-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 19 миң 396 айдоочу;

-Унаа айдап ээнбаштык кылган 444 айдоочу;

-Жол белгилерине баш ийбеген 428 миң 072 айдоочу;

-Коопсуздук курун тагынбаган 109 миң 8870 айдоочу; 

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 85 миң 400 унаа айып короо жайына убактылуу токтотулган.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар коюулуп, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди. Ошондой эле  кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюулду.

ЖКККББнын басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер