20.11.2024
ИИМдин Күзөт кызматында мамлекеттик тил маселеси боюнча семинар-кеңешме болуп өттү
2024-жылдын 18-19-ноябрь күндөрү ИИМдин Күзөт кызматында жана анын аймактык бөлүмдөрүндө мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздардын деңгээлин, сабаттуулугун жана сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө ИИМдин Күзөт кызматында жана ага караштуу күзөт бөлүмдөрүндө иш кагаздарды тариздөөдө жана толтурууда кетирилген кемчиликтер жеринде көрсөтүлүп, мүчүлүштүктөрдү жоюуга багыттар берилди.
Бул текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2024-жылдын 19-ноябрында ИИМдин Күзөт кызматында “Ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” деген аталыштагы атайын семинар-кеңешме өткөрүлдү.
Семинар кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик тилге байланышкан маселелер талкууланып, кызматкерлерге усулдук-практикалык жактан сунуштамалар көрсөтүлдү. Ошондой эле, семинардын жүрүшүндө жакында эле жарык көргөн “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча жана кыргызча-орусча сөздүгү” таратылып берилди.
Бул иш-чарага ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги А.Орозакунов, ошол эле бөлүмдүн тескөөчүсү милициянын лейтенанты Б.Беккелди уулу, ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы