facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.10.2024

Улан Ниязбеков: Жыл жыйынтыгы менен кызматтык тартиптин абалына жараша  жетекчилерге баа берилет

Бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2024-жылдын 9 ай ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өтүп жатат. Күн тартибинде кара турган кызматтык тартиптин абалы боюнча маселе талкууланып, кол алдындагы кызматкерлердин жүрүм-турумун,  мыйзамдуулукту  сактоосун, жарандарга жасаган мамилесин ар бир жетекчи жеке көзөмөлгө алуулары эскертилди. 

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков эң негизгиси кызматтык тартиптин абалын чыңдоо жана сапаттуу кадрларды даярдоо багытында иш-чараларды күчөтүү керектигин билдирди. 

“Кызматкерлер арасында мыйзам жана тартип бузуулар орун алып, коомчулуктун талкуусуна түшкөндөн кийин көңүл бурбай, алдын алуу иш-чараларын уюштуруңуздар.

Жумушка жаңы кирген кызматкерлер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди белгиленген тартипте аткарып, ар бир ишти ырааты менен үйрөнүшү керек.

Айрым ички иштер бөлүмдөрүндө жана башкармалыктарында жаш кызматкерлерди окутуп-үйрөтүү ишмердиги таптакыр жүргүзүлбөйт.

Жетекчилердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам, өз милдеттерин толук билбеген жаш кызматкерлерге карата арыз ээлери нааразы болгон көрүнүштөр келип чыгууда. Ошондуктан, өздүк курамга дайыма таалим-тарбия иштерин өткөрүп, мыйзам жана тартип бузууларды болтурбоо багытында иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте улантыңыздар”, -деди өз сөзүндө ИИМ башчысы. 
Жогорудагылардын негизинде, кийинки коллегияда, кызматтык тартиптин абалын карап, өз милдеттерин аткарбаган жетекчилерге баа бериле турганы баса белгиленди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер