facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.09.2024

Киши өлтүрүү жана каракчылык кылып качып кеткен жаран Орусиянын аймагында кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Киши өлтүрүү жана каракчылык кылып качып кеткен жаран Орусиянын аймагында кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды
Киши өлтүрүү жана каракчылык кылып качып кеткен жаран Орусиянын аймагында кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды

2019-жылдын май айында ок атуучу курал менен куралданган М. А. жана Т. А. аттуу жарандар Ош шаарынын Кулматов көчөсүндө, шаардын тургуну М. Н. аттуу жаранды сабап, денесине оор жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкен. 

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр тергөөдөн качып кеткендигинен издөө жарыяланган. 

Ошондой эле, 2019-жылдын 23-октябрында Манас аэропортунун унаа токтотуучу жайында унаанын багажнигинен колу-бутун байланган, дайынсыз жоголгон жарандын киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. Табылган жаран ири суммадагы акча каражатын ташып жүргөнү аныкталган. 

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү менен бул кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Өз убагында милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар дагы бир жарандын өздүгү такталып, ал мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну А.М. аттуу жаран экени аныкталып, буга чейин жогоруда аталган факт боюнча (ден соолугуна оор залал келтирүү фактысы боюнча) издөө жарыяланган жана мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын улантып, анын жүрүшүндө жогоруда аталган 1991-жылы туулган А.М.нын жүргөн жери Россия Федерациясынын аймагында аныкталып, кармалып, Кыргыз Республикасына экстрадицияланган. 

Кармалып алып келинген 1991-жылы туулган А.М. жаранга 202-беренеси (2017-жылдын редакциясында Каракчылык), 122-беренеси (Адам өлтүрүү), 261-беренеси (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) менен айыбы угузулуп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү. 

Пайдалуу шилтемелер