facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

29.08.2024

Ош шаарындагы 15 жашар кыз кабылган окуя боюнча толук маалымат

Ош шаарындагы 15 жашар кыз кабылган окуя боюнча толук маалымат
Ош шаарындагы 15 жашар кыз кабылган окуя боюнча толук маалымат
Ош шаарындагы 15 жашар кыз кабылган окуя боюнча толук маалымат
Ош шаарындагы 15 жашар кыз кабылган окуя боюнча толук маалымат

2024-жылдын 23-август ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнө ыкчам маалымат түшүп, анда 15-август күнү Ош шаарынын тургуну 15-жаштагы кызды топ кыздар, Кара-Суу районундагы каналына алып барып, эч себепсиз уруп, чачын жана кашын кырып, азыркы күндө күч колдонуп белгисиз даректе кармап отургандыгы маалым болгон.

Аталган факт Ош ОИИБде катталып текшерүү иштери башталган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жыйынтыгында окуянын жагдайлары толук аныкталган. Ош шаарынын тургуну 15-жаштагы кызды, топ кыздар жана балдар өмүрүнө же ден-соолугуна коркунучтуу болгон зомбулукту жасап, шантаж кылуу жолу менен сойкулук кылууга тартуу же болбосо сойкулук кылууга мажбурлоо түрүндөгү аракеттерин жасашкан.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 159-беренеси (Сойкулук кылууга тартуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуянын бардык жагдайлары жана катышуучулары аныкталып, тийешеси бар адамдардын баары тергөө кызматына камсыз кылынган.

Тергөө амадарынын учурдагы жыйынтыгы менен 2003-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган К.М., 2004-жылы туулган Ш.Н., 2006-жылы туулган М.М. бул кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат, калган тийешеси бар адамдар менен тергөө амалдары улантылууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер