15.08.2024
Тил-улуттун эн тамгасы, ыйыгы, акыл-эси, жан дүйнөсү, туюму
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулуп жаткан “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулган сынакты Ички иштер министрлигинин жетекчилиги колдоп, өздүк курамдын катышуусун тапшырган.
Бул сынактын максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү.
Алгач, бул сынакка Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Марал Чалова өзүнүн “Тил-улуттун эн тамгасы, ыйыгы, акыл-эси, жан дүйнөсү, туюму”,-деген аталыштагы видеобаяны менен катышууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы