26.07.2024
ИИМде алты айда аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды
2024-жылдын 26-июлунда Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2024-жылдын 6 ай ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Ага ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин жетекчилери катышты.
Жыйында ички иштер органдарынын 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына өзгөчө маани берилип, республика ичиндеги кылмыштуулуктун абалы талкууланды.
Ички иштер органдарынын күч-аракети коомдук тартипти камсыздоого, жарандардын укуктарын кылмыштуу кол салуулардан коргоого жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталды. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө алты ай ичинде оң натыйжалар бар.
Алсак, 6 айда ички иштер органдарында 19 миң 411 кылмыш катталып, былтыркыга салыштырмалуу 16%га аз катталган. Бул жалпы кылмыштуулуктун 92% түзөт, ал эми кылмыштуулуктун 8%ы калган укук коргоо органдарына (Прокуратура, УКМК, ЖАМК, МБК) туура келет. Башкача айтканда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө эң көп түйшүктүү иштин жүгү милиция кызматкерлери тарабынан аткарылат.
2024-жылдын 6 айында мурдагы жылдар менен бирге өндүрүштө болгон 24 миң 649 кылмыштын ичинен 14 миң 649 кылмыштын бети ачылган. Ошондой эле, 9 миң 893 иш сотко кеткен. Быйыл 6 айда дайынсыз жоголгондордон жалпы 500 адам табылган.
Оор жана өтө оор кылмыштар былтыркыга салыштырмалуу 200 кылмышка же 15%га аз катталган.
Коомдук жайларда 1009 кылмыш катталып, былтыркыга салыштырмалуу 87 кылмышка аз катталган. Бул милиция кызматкерлеринин коомдук жайлардагы алдын алуу иш-чараларынын күчөткөндүгүнүн натыйжасында ишке ашты.
ИИМдин Басма сөз кызматы