25.06.2024
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Кибер-профилактика” иш-чараларын өткөрүштү
Республика боюнча криминогендик кырдаал кылмыштардын көбөйүшү, ыкчам кырдаалдын абалына таасирин тийгизип, айрым жарандарга да, бүтүндөй коомго да олуттуу материалдык зыян алып келерин тастыктап турат.
Учурдагы ыкчам кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу максатында, 2024-жылдын 19-25-июнь күндөрүнө чейин Бишкек шаарынын аймагында "Кибер-Профилактика" түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Жогорку технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын «К» Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Бишкек шаарынын Биринчи Май, Ленин, Октябрь жана Свердлов райондорунун акимчиликтеринин, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын, үй комитеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек столдор өткөрүлдү.
Чогулгандарга маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштардын кеңири тараган түрлөрү, алдамчылык учурларында жасала турган аракеттер тууралуу маалыматтарды калкка жеткирүү максатында калк арасында кылмыштын бул түрүн алдын алуу темасында социалдык роликтер көрсөтүлдү.
ИИМдин Басма сөз кызматы