08.06.2024
Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жайкы туристтик мезгилде коопсуздукту камсыздоо боюнча жумушчу кеңешмени өткөрдү
Бүгүн, 8-июнь күнү Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-жетекчилик курамы менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин күн тартибинде жайкы туристтик мезгилде облуста укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.
Кеңешмеге Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын бардык негизги бөлүмдөрүнүн жана кызматтардын башчылары катышты.
Талкууда коомдук тартипти камсыздоодон тартып, укук бузуулардын алдын алууга жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча ар кандай маселелери кеңири талкууланып чыкты.
Милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл облусу өлкөнүн негизги туристтик борборлорунун бири катары маанисин баса белгиледи. Жайкы туристтик мезгилде бул жерге Кыргызстандан гана эмес, чет өлкөлөрдөн да миңдеген туристтер келишет. Андыктан, эс алуучулардын коопсуздугуна жана ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.
Өз сөзүндө ар кандай окуяларга ыкчам жооп кайтарууну күчөтүү, эл көп чогулган жерлерде милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү, коомдук тартипти сактоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады. Ошондой эле, кылмыштуулуктун алдын алуу чараларына жана күтүлбөгөн кырдаалдар пайда болгон учурда туристтерге тез жана натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп кетти.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк туристтерге жана эс алуучуларга сервистик тейлөө көрсөтүү маселелери дагы талкууланды. Кошумча маалыматтык борборлорду түзүү пландаштырылууда, анда туристтер керектүү маалыматты жана жардамды бир нече тилде ала алышат. Чет элдик жарандардын кайрылуулары үчүн ишеним телефондору уюштурулуп, маалыматтык пункттардын иши күчөтүлөт.
Кеңешменин соңунда милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл облусунун ИИБдин бардык бөлүмдөрүн жана кызматтардын координацияланган аракеттери менен алдыдагы жайкы туристтик мезгилди жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишеним билдирди. Ал туристтердин жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугу – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн башкы приоритеттүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
"Биз Ысык-Көл облусуна келген ар бир турист өзүн коопсуз сезип, өз коопсуздугунан коркпостон эс алуудан ырахат ала тургандай шарттарды камсыз кылышыбыз керек. Бул биздин башкы милдетибиз жана биз аны жогорку деңгээлде аткара алабыз деп ишенем", – деди Октябрь Урмамбетов.






