facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

29.05.2024

Баткенде экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча үч күндүк семинар аяктады

Баткенде экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча үч күндүк семинар аяктады
Баткенде экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча үч күндүк семинар аяктады
Баткенде экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча үч күндүк семинар аяктады
Баткенде экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча үч күндүк семинар аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 29-майында Баткен облусунда экстремизмди жана терроризмди алдын алуунун жолдорун үйрөткөн үч күндүк семинар аяктады.  Семинар Баткенде 27-майда башталып, үч күн ичинде облус аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, имамдар жана аялдар жамааттары катышты. 

Бул иш-чарада ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбеков,  ИИМдин Академиясынын окутуучусу Медер Карабаев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаштар жана аялдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Султаналы Гапуров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Баткен облусу боюнча өкүлү Чагылган Юсупов тренер катары чыгышты. 

Алгач, тренерлер иш-чараны экстремизм  жана терроризм түшүнүктөрүн талкуулоодон башташып, экстремисттик топтордун жана террордук актылардын конкреттүү мисалдарын көрсөтүп беришти.  Алар катышуучуларга  салттуу исламдын концепциясы, экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясы, экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүдөгү чаралар,  Баткен  облусундагы жалпы диний кырдаал жөнүндө кенен маалымат беришти. Андан сырткары жергиликтүү ички иштер органдарынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлеринин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, диний уюмдардын өкүлдөрүнүн жаштар  жана аялдар арасында  радикалдашууну жана экстремисттик аракеттерден алдын алууда ролу чоң экендиги баса белгиленип,  туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды. Ошондой эле, экстремизм жана терроризм маселелерин чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашып, билим берүүнүн маанилүүлүгүнө, сабырдуулукту пропагандалоого жана социалдык тилектештикти өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл экендиги кошумчаланды.

Семинарды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер жоопторду берилди.
Белгилей кетсек, үч күндүк семинар Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында  уюштурулду.

Бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы  демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан "Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу" долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.  
 
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер