25.05.2024
ИИМ: Жалал-Абад шаарында жол кырсыгы боюнча айдоочу камалды
2024-жылдын 14-майында саат 22:00 чамасында, Жалал-Абад ШИИБне кабар келип түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү менен түштүктөн түндүктү карай келе жаткан "Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 2001-ж.т. Т.К. аттуу жаран, Индия Республикасынын Ханипат областынын Харияна шаарынын тургуну 2004-ж.т. Жалал-Абад мамлекеттик медициналык факультетинин студенти Tarnum Khanды машинасы менен сүзүп кеткендигин кабарлашкан.
2024-жылдын 24-май күн Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 312- беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында 25-май күнү "Мерседес" автоунаасынын айдоочу К.Т. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин УКЖна киргизилди.
ИИМдин Басма сөз кызматы