18.05.2024
ИИМ: Бишкек шаарында түндө болгон окуялардын хронологиясы
2024-жылдын 13-майына караган түнү саат 02.00дө Бишкек шаарынын Восток-5 кичирайонунда жайгашкан пиццериянын жанында азият түспөлүндөгү белгисиз адамдардын тобу чет элдик студенттерди тосуп алып, аларга тийишип тамеки сурап, “эмне үчүн бул жерде тамеки чегип жатасыңар” деп коркута баштаган. Бирөөсү кол көтөрүп баштаганда, чет өлкөлүк жарандар качып кетишкен.
Чет элдик жарандар качып, Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканага жетүүгө үлгүрүшкөн.
Белгисиз адамдардын тобу чет элдик жарандарды артынан кубалап, А.Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга карата күч колдонуп, акча каражаттарын жана буюмдарын ачыктан-ачык тартып алышкан.
Алар ар кайсыл бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан.
Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен.
Жатаканада жашаган чет элдик жарандар тез жардам чакырып, калып таяк жеген жаранды тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүшкөн.
Ооруканага келгенде ал аты жөнүн башкача атап, окуянын жагдайлары боюнча түшүндүрмө берген эмес.
Денесине жаракат алгандыгы боюнча арыз менен кайрылганда эмес. Ал керектүү медициналык жардамды алып, ооруканадан кетип калган.
Окуялардын хронологиясы, болгон бардык жагдайлар, белгисиз адамдардын тобу чет өлкөлүк жарандарды кантип куугунтукташканы, жатаканага киришкени жана эки тараптын катышуусу менен болгон мушташ тышкы көзөмөл видеокамерасында жазылып калган.
Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми тоноочулук фактысы боюнча арыз менен: 2004-жылы туулган Э. А. денесинен жаракат алып, 2003-жылы туулган Х.А. 1250 АКШ долларын жана "Айфон-15 ПроМакс" үлгүсүндөгү телефонун алдырып жана 2003-жылы туулган А.М. 1550 АКШ долларын жана барсеткасын алдырып жибердим деп кайрылышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды, алар:
1. Мукаев Нурсултан Жолдошбекович 2006-жылы Кемин районунун тургуну;
2. Шерматов Тилек Сардарбекович 2005-жылы Кемин районунун тургуну.
Учурда милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын өздүгүн аныктоо боюнча иш алып барууда.
2024-жылдын 17-майында социалдык тармактарда Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда массалык уруш болуп жаткан видео тараган.
Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес.
Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.
13-май күнү болгон окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-май күнү кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө жеткен.
Чогулгандар Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң чогулгандар тарап кетишкен.
Түнкүсүн кызыкдар болгон тараптар, абалдан пайдаланып, кырдаалды туруксуздаштыруу максатында бул окуяда“ каза болгондор бар деген маалыматтарды мессенджерлер аркылуу тарата баштаган.
“Каза болгондор бар” деген маалымат ЖАЛГАН, чындыкка дал келбейт.
ИИМ эскертет!
Бишкек шаарынын тургундарын жана борбордун конокторун жалган маалыматтарга ишенбөөгө, чагымчылдыкка барбоого чакырабыз.
Жалган маалымат таратуу менен алектенген адамдарга коомчулукту адаштырбоону эскертип, болбосо мыйзам чегинде жоопко тартыларын белгилейбиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы