17.05.2024
ИИМ: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тобунун кызматкерлери опузалап пара алууга шектелүүдө
2024-жылдын 25-март күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына Айтматов районунун тургуну А.Н. арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 21-март күнү өзүнө тиешелүү “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасын айдап бара жатканда, Айтматов РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тобунун кызматкерлери токтотуп, тиешелүү категориясы жок экендигин айтышып, протокол түзүп, автоунаасын айып короосуна киргизишкен.
Бирок, аталган факт Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизилбей, арыз ээси аталган бузууга болгон 15 000 сомду Айтматов РИИБнүн ЖКККТнун кызматкерлерине бергендиги, жана анын атында 15 000 сомдук айып пул жок экени такталган.
Бул фактыны ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштирген учурда Айтматов РИИБнүн ЖКККТнун улук тескөөчүсү Т.А. тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 187-беренесинин негизинде (белгиленген ылдамдыктан 10-чакырымдан ашуун, бирок 20-чакырымдан ашпаган) укук бузуу протоколун түзүп, 300 сом айып пул төлөнгөндүгү, ал эми, арыз ээсинин уюлдук телефонуна тартылган ошол эле протоколдун көчүрмөсүнүн токтомунда 15 000 сом айып пул салынып тургандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иш козголгон.
2024-жылдын 16-май күнү ИИМдин Тергөө кызматынын жана Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Айтматов РИИБдин ЖКККТнун улук инспектору А.Т. жана инспектору Э.Ж. экөө 15 000 сомду Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында жайгашкан май куйуучу жайдан ортомчу аркылуу ээсине кайтарып берген жеринен кармалган.
Айтматов РИИБдин ЖКККТнун улук инспектору А.Т. кылмыш жасоого шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган кызматкерлер 21 000 сом акчасын алып койгондугу туралуу дагы бир жаран арыз менен кайрылып, текшерүү иштери уланууда.
Ички иштер министрлиги ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантат.
Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы