17.05.2024
Күзөт кызматында туристик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча онлайн кеңешме болуп өттү
ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаровдун жетекчилиги астында Күзөт кызматынын түзүм бөлүм бөлүмчөлөрүнүн башчылары менен онлайн кеңешме өткөрүлдү.
Ыкчам кеңещмеде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын 2024-жылдын 4 ай аралыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу талкуу болду.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүндөгү тарбия иштери багытындагы иш-чаралардын жыйынтыктарын, кызматтык тартипти жана мыйзам бузуулардын абалын кароодо, Күзөт кызматыны түзүм бөлүмдөрүндөгү тарбия иштери багытындагы кызматтар тарабынан өздүк курамынын арасында уюштуруу-практикалык, кызматтык тартипти бекемдөө жана мыйзам бузууларды болтурбоо максатында алдын алуу иш-чаралары күчөтүүгө талап койду.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү жана өткөрүү убагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга административдик аймакта жайгашкан пансионаттардын, санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн, чарбалык субъекттердин жетекчилери менен алардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы жолугушууларды уюштуруу менен милиция менен кайтарууну жана техникалык каражаттар аркылуу БКТга кошуп кайтаруу келишимин түзүү жөнүндө түшүндүрүү-агитациялоо иштери жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы