17.05.2024
ИИМ: Диний экстремисттик уюмдун активдүү лидерлери жана мүчөлөрү кармалды
Диний экстремизмге каршы жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний экстремисттик уюмунун активдүү лидерлери жана мүчөлөрү кармалды.
Буга чейин Чүй ОИИББнын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш ишин тергеп келген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2024-жылдын 15-май күнү «Экстремист» аталыштагы иш-чара өткөрүлүп, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жана анын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын, Чүй ОИИББнын ЭММКАКнын жана тергөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир Аль Ислами» диний экстремисттик уюмунун активдүү лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн даректеринде тинтүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Натыйжада, ар кандай экстремисттик мазмундагы материалдар, уюлдук телефондор, электрондук жабдыктар алынып, аталган диний экстремисттик уюмдун активдүү 4 лидери жана мүчөлөрү кармалып камакка алынды.
Азыркы учурда алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ИИМ диний экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иштерди улантат.
ИИМдин Басма сөз кызматы