17.05.2024
Улан Низябеков: “Акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук чаралары күчөтүлөт”
Бүгүн, 17-майда онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Анда 25-май күнү жалпы республика боюнча орто мектептерде жана атайын билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроо салтанаттары белгилене турганы, коопсуздук чараларына өзгөчө көнул буруу керектиги айтылды. Иш-чараларды өткөрүүдө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле мектепти бүтүрүүчүлөргө, алардын ата-энелерине акыркы коңгуроо аземдеринен сырткары отуруштарды, экскурсияларды же ар кандай көңүл ачууларды өткөрүүгө тыюу салынды. Акыркы коңгуроо аземдерин өткөрүү учурунда, коопсуздук жоопкерчилиги - билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү бийликтин жана ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине жүктөлдү.
Бул талаптарды эске алып, бир нече тапшырмалар берилди. Алар:
- Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери менен бирге, коомдук жайларда күнү-түнү күзөттөр уюштурулсун;
- Эгерде, эскертүүлөргө карабастан, иш-чаралар өткөрүлгөн болсо, анда окуучулардын өмүрүнө жана коопсуздугуна биринчи кезекте ата-энелер түздөн-түз жооптуу болуп, мыйзам чегинде баа бериле турганы так жеткирилсин;
- Жаш өспүрүмдөр катышкан ар түрдүү кырсыктарды алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш-чаралар алып барылсын;
- Өспүрүмдөрдүн унаа башкаруусуна, топтошуп өз-ара мушташуусуна, спирт ичимдигин же баңгизаттарды колдонуп, кырсыктарга кабылуусуна катуу бөгөт коюлсун;
- Аныкталган мыйзам жана укук бузууларга катуу чаралар көрүлсүн.
“Эгерде, профилактикалык жумуштар өз учурунда жүргүзүлбөй, резонанс жараткан окуялар дагы кайталана турган болсо, анда ошол жердеги райондук, облустук, шаардык деңгээлдеги жетекчилердин жоопкерчиликтерине баа беребиз.
Андыктан, дагы бир жолу эскертем - одоно укук бузууларга бөгөт коюп, кылмыштарды жана терс кесепеттерди жаратуучу окуяларды алдын алууну күчөтүңүздөр. Бирок, бул талаптар айтылганы менен айрым жерлерде аткаруусуз калууда. Эл арасында сын-пикирди жараткан талкууга түшпөй, элдин коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди так аткарыңыздар. Ошондуктан, коомдук жайлардагы укук бузууларга, жол эрежесин одоно бузууларга жана коомго жат көрүнгөн окуяларга бөгөт коюу иштерин сапаттуу алып барыңыздар”,-деди Улан Ниязбеков.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.
ИИМдин Басма сөз кызматы