facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.08.2021

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн ички иштер органдарынын алдына бир катар милдеттерди койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, өлкөнүн Ички иштер министрлигинин коллегиясына катышты. Анда  үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

 Иш-чара Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында өттү. Коллегияга Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, ички иштер министри Уланбек Ниязбеков, анын орун басарлары жана ички иштер органдарынын бөлүм башчылары катышты. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мамлекетте тынчтык жана бекем тартип өкүм сүрмөйүн өлкө жетекчилиги тарабынын жасалып жаткан реформаларды, сунушталган экономикалык программаларды толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди толук жана так аткарууну талап кылды.

«Элибиз сиздер жасап жаткан иштерди көрүп-билип, мамлекет тарабынан корголуп жатканын сезүүлөрү керек. Милиция коомдук тартипти сактап, жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылууну курулай сөз менен эмес, иш менен далилдеп бериши зарыл», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент кыргыз милициясына көө жапкан айрым абийирсиз, намыссыз кесиптештерден арылуу керектигин кошумчалады.

«Милициянын иштеп жатканын катардагы жөнөкөй жарандан тартып өлкө жетекчилигине чейин сезиши керек. Коюлган талаптардын аткарылышын камсыз кылууну мен министрликтин жетекчилигинен талап кылам жана жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алам», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Бүгүнкү күндүн жана коомдун талабын эске алуу менен Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарына төмөнкү багыттагы негизги иштерди жүргүзүүнү талап кылды: 

—   профилактика иштерин күчөтүү, калкка заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу менен милицияга болгон ишенимди арттыруу;

— жарандарыбыз менен тыгыз байланышта болуп, алардын арыз-муңдарын кунт коюп угуп, ар тараптуу жана толук чечүү;

— кылмыштуулукка каршы күрөшүү алкагында

эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдар тарабынан мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл буруу менен иш-чараларын күчөтүү;

— антка бекем турган, жогорку моралдык сапатка ээ кесипкөй кадрларды даярдоо менен милициянын жаңы образын коомго тартуулоо ишмердигин уюштуруу.

Пайдалуу шилтемелер