facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.09.2021

ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 29 жылдыгына арналган салтанаттуу азем болуп өттү

2021-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн аймагында аскердик бөлүктүн түзүлгөнүнүн 29 жылдыгына арналган салтанаттуу азем болуп өттү.
Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, чакырылган коноктор, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгынын жана түндүк – чыгыш регионунда жайгашкан аскер бөлүктөрдүн өздүк курамы катышты.
Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө, 705 аскер бөлүгүнүн өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери Колбашчынын буйругуна ылайык, медаль, төш белги жана грамоталар менен сыйланды.
Андан соң салтанаттуу аземдин катышуучулары жаңы кичи-футбол аянтчасынын ачуу аземине күбө болушту.
Өз сөзүндө полковник Исламбек Кенжекулов 705 аскер бөлүгүнүн өздүк курамын, аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 29 жылдыгы жана жаңы кичи-футбол аянтынын ачылышы менен куттуктап, күжүрмөн – кызматтык ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалап кетти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички 
аскерлеринин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер