facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

05.03.2024

Бүгүн Ак калпак күнү

Бүгүн Ак калпак күнү

Кыргызстанда ар жыл сайын 5-мартта “Ак калпак жана Улуттук кийим күнү” белгиленет. Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров Бул күн улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Эгер «Манас» эпосуна таяна турган болсок, анда Ак калпакка канайым Каныкейдин салымы зор. «Каныкей энебизге чейин кыргыздар кара калпак кийип жүрчү экен. «Манаста» айтылат эмеспи, тармал ирик жыктырдым, таза жерге кырктырдым, кыздарга кылын тердирдим... деп калпактын жасалуусу жакшы баяндалат. Каныкей энебиз тартуулаган эң таза бул калпак эми кыяматка чейин кыргыздыкы болот», -деп айткан кытайлык белгилүү манасчы Жусуп Мамай.
 
“Ак калпак” жана “Улуттук кийим”, улуттук символ катары кийинки муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан бул майрам өзүнүн майрамдык датасына ээ болгон Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болууда.  Бул күн 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет. 

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер