facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

29.02.2024

Оңой акча табуу азгырыгына алданбаңыз!

Оңой акча табуу азгырыгына алданбаңыз!

Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан 2023-жылдын 12 айында каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 358 кылмыш иши тергелген, анын ичинен 217 кылмыш иштин тергөөсү аяктап соттук кароого жиберилип, 98 кылмыш иш боюнча учурда тергөө иштери улантылып келет. 

Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталса калган бөлүктөрү Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.  
Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 мил. сомдон ашкан.  

Ал эми, кылмыш иштери боюнча жалпысынан  40 адам жоопко тартылган.  
Каржы пирамида – каржы алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири.

Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашырып иш алып барышы мүмкүн.
Ошондуктан акчаңызды мындай уюмдарга салаардан мурун, кырдаалды кылдаттык менен баалаңыз. Суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок. Жана эсиңизде болсун: чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелдиктерсиз болбойт!

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер