05.02.2024
ИИМ: Чүйдө баңги кылмышына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шектелген Чүй облусунун жашоочусун кармашты.
ИИМдин ыкчам кызматтары кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманган жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана сатуу каналын турукташтырып алган жарандар жөнүндө маалымат алышкан. Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылы кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шектүүлөрдүн бирин-мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун 1983-жылы туулган жашоочусу К.А.ны кармашкан.
2024-жылдын 3-февраль күнү ИИМдин КИББдин Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган “Аза Большой” лакап аттуу К.А. аттуу жарандан ширенкенин кутусундай таңгакталган каннабис чайыры (гашиш) табылып алынган.
Кармалган жаран Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283- беренеси менен кылмыш иши иликтенүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы