facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

03.12.2021

Ички иштер министрлиги жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Somo.kg  ишмердүүлүгү боюнча жарандардан келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу текшерүү жүргүзүүдө

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан үстүбүздөгү жылдын октябрь айында лицензиясы токтотулган Somo.kgге карата ички иштер органдарында жарандардан түшкөн кайрылуулар жана билдирүүлөр бар экенин билдиребиз.

 Ушуга байланыштуу, 2021-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен Ички иштер министрлиги тарабынан насыя алуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг уюштурушкан.

 Уюштурулган бул иш-чаранын негизги милдети болуп Somo.kgнин ишмердүүлүгү  жана   учурда тузүлгөн кырдаал тууралуу насыя алуучулар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштуруу болгон.

 Алынган маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси «Алдамчылык» боюнча 7 материал КЖБРге каттоого алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө ЖПКнын 26-беренесинин 2 жана 4-пункттарына ылайык 4 иш токтотулган. Учурда өндүрүштө 3 кылмыш иши козголуп, алар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан 300гө жакын жарандын кайрылуусу каралып чыккан болсо, учурда дагы 20сы каралууда. Маселелерди чечүү үчүн насыя алуучулардын арыздары Somo.kgнин мекемесине жөнөтүлгөн.

 Белгилей кетсек, жарандар бул  Somo.kgнин  ишмердүүлүгү, тез арада насыя алууда үстөк пайыздардын жогору экендиги тууралуу эч кандай түшүнүгү жок болуп, укуктары бузулганда гана милицияга кайрылышкан.  Кээ бир учурларда айрым жарандардын финансылык сабаттуулуктун жетишсиздигинен бейтааныш адамдар алар үчүн насыя алып, акчаны өздөрүнө алып же электрондук капчыктардан акчаны алдоо жолу менен чыгарып алышкан учурлар болгон.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер