facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

02.12.2021

ИИМдин Академиясында “Киберкоопсуздук” аттуу темада эки күндүк тренинг башталды

2021-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын базасында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Киберкоопсуздук” темасында эки күндүк тренинг башталды.

Окутуунун алкагында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын 20 кызматкери окутулат.

Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Тариэл Абитов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий департаментинин жетекчиси Александр Елисеев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Бажы долбоорунун жетекчиси Алиев Фикрет, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция боюнча кеңешчиси Бедарев Константин, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров катышты.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий депаратментинин  жетекчиси  Александр Елисеев башында сөз сүйлөп, киберкылмыштарды иликтөөдөгү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин билимин жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган тренинг өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ИИМдин Академиясынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын тез өнүгүүсү интернет-технологиялардын өнүгүшүнө алып келгенин, ал жарандар үчүн тез маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. «Бирок, мындай байланышты шарттаган ошол эле технологиялар, тилекке каршы, мыйзамсыз аракеттерди, анын ичинде террористтик жана радикалдык максаттарды ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошого байланыштуу киберкоопсуздук боюнча иш-чаралардын мааниси кыйла жогорулап жатат», - деди элчи.

Сөзүнүн аягында Алексей Рогов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилигине «Киберкоопсуздук» аттуу маанилүү курсту окутууга  мүмкүнчүлүк жана шарттарды түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип,  мындан ары да Кыргыз Республикасына улуттук киберкоопсуздукту чыңдоо боюнча системалуу кадамдарды жасоодо кызматташууга даярдыгын билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөру Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын криминалистикалык борбору жана музейи менен да таанышып чыгышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер