03.11.2023
Улан Ниязбеков: “Элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүнүн башаты - жарандар менен тынымсыз иштөөдөн башталат”
2023-жылдын 3-ноябрында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички Аскерлердин кол башчысы, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, окуу жайлардын, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жана “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышты. Андан сырткары областык, шаардык башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилерин орун басарларры, бөлүм башчылары, райондук –шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери онлайн форматта катышты.
Коллгиянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети тарабынан “Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо” жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды. Анын жыйынтыгында, коомчулуктун аярлуу катмары болуп эсептелген аялдарга, өспүрүм кыздарга, өзүн-өзү укуктук талаада коргой албаган өспүрүмдөргө комплекстүү колдоо көрсөтүп, жардам берип, зомбулук көрсөткөн адамдардын жазасыз калуусун болтурбоо боюнча жоопкерчиликтер айтылды. ИИМ башчысы тарабынан сот адилеттигин жогорулатуу, зомбулукту алдын алуу, аны териштирүү иштерин алып барган органдардын ишмердигин күчөтүү жоопкерчилиги белгиленип, бул мыйзам толук кабыл алынгандан кийин, ички иштер органдарынын ченемдик-укуктук актыларын мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирип, жер-жердеги жооптуу кызматтардын ишмердиктерин күчөтүү зарылдыгы кошумчаланды.
“Бул багытты – Коомдук коопсуздук, тергөө кызматтарына жана укуктук камсыздоо башкармалыгына табыштайм. Ички иштер органдарынын актуалдуу багыттарынан бири – элди сервистик тейлөө болуп эсептелет. Коомго сервистик тейлөө көрсөтүү жумуштары - жардам сурап кайрылган жарандарга жеринде көмөк көрсөтүү жана юридикалык кеңештерди берүү менен гана чектелбейт. Адамдардын улутуна, динине же социалдык статусуна карабастан, жүктөлгөн милдеттердин чегинде сапаттуу тейлөө көрсөтүүнү кеңири түшүнүк менен кароо учурдун талабы деп айтмакчымын”,-деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.
Сервистик тейлөөнүн төрт приоритети бар.
1. Элдин арыз-даттанууларын териштирүүдө акыйкат чечимдерди кабыл алуу.
2. Дайынсыз жоголгон адамдарды кыска мөөнөттө табуу, кырсыктарга кабылган адамдарга кол сунуп жардам берүү, уурдалган же жоголгон буюмдарды жана мал жандыктарын ээлерине кайтарууга көмөк көрсөтүү.
3. Кылмыш же окуялардын кесепетинен элге келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтуруу.
4. Жарандардын Конституциялык укуктарын коргоо жана элдин ишенген тиреги, таянган жөлөгү болууга жетишүү болуп эсептелет.
“Сервистик тейлөөнүн аталган багыттары боюнча ар бир жетекчи иш алып барып, аны кадыресе ишмердикке айландырууга басым жасалсын. Жер-жердеги бардык жетекчилер, ишмердикти өнүктүрүү боюнча жаңы кадамдарды жасап, иштөө тартибин күчөтүп, коомго ак дилден кызмат кылууга багытталган максаттарыбызды ишке ашыралы деп билдирмекчимин.
Азыркы учурда өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу, бардык жашоочулардын турмуш-тиричилигин жакшыртууга карата өлкө жетекчилиги тарабынан аябай чоң аракеттер көрүлүп, кайсы гана тармак болбосун өнүгүү жолунда бара жатат. Ушундай шартта ички иштер органдары мамлекетибиздеги коопсуздукту бекем сактап, элдин бейпил жашоосун камсыздоо жумуштарын тынбай жүргүзүү – башкы милдет болуп саналат.
Орто жана чакан бизнести өнүктүрүүдө криминалдык көрүнүштөргө жол бербөө, инвесторлордун долбоорлорунун коопсуз ишке ашуусуна көмөк көрсөтүү, туризм тармагын өстүрүүдө баардык бейпилдик шарттарды түзүү ишмердигин тынымсыз жүргүзүү жумуштары дайыма алып барылсын.
Жергиликтүү бийлик органдары, анын ичинде мэрия, акимчилик, айыл өкмөттөр, айыл башчылары жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жооптуу өкүлдөрү менен бирге, аймактын коопсуздук маселесине дайыма көңүл бурулсун.Жер-жердеги терс жагдайлар, ошол региондун өнүгүшүнө, элдин жашоо-тиричилигинин оңдолушуна кайсы бир деңгээлде өз залакасын тийгизбеши керек.Дагы бир жолу кайталайм – эл менен түздөн-түз иш алып барган мамлекеттик органдардын алдыңкы катарында милиция кызматы болгондуктан, коомчулук арасындагы бардык көйгөйлөргө көңүл бурулсун.
Элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүнүн башаты - жарандар менен тынымсыз иштөөдөн башталат. Бүгүнкү коллегияда айтылган бардык маселелерди өздүк курамга жеткирип, келип чыккан көйгөйлөрдү жоюуну дагы бир жолу эскертем.
Ички иштер органдары - элдин көңүл борборунда турган мамлекеттик орган болуп саналат. Коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жарандарды сервистик тейлөө иштерин тынымсыз жүргүзүүгө – ар бир милиция кызматкери милдеттүү. Биз дайыма ар-намыс, адамгерчилик, кыраакылык деген улуу сапаттарды туу тутуп, калкыбызга ак эмгек менен кызмат кылышыбыз керек. “Кызматыбыз эл үчүн” деген урааныбызды көкүрөккө бекем сактап, калкыбыздын бейпил жашоосун камсыздоого көптөгөн ийгиликтерди биримдикте, чогуу жарата брешибиз керек”,- деди Улан Ниязбеков коллегияны жыйынтыктап жатып.
ИИМдин Басма сөз кызматы