facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

03.11.2023

Улан Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ЖКККББнын аткарган иштерин кескин сындады

Улан Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ЖКККББнын аткарган иштерин кескин сындады
Улан Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ЖКККББнын аткарган иштерин кескин сындады
Улан Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ЖКККББнын аткарган иштерин кескин сындады
Улан Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ЖКККББнын аткарган иштерин кескин сындады
Улан Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ЖКККББнын аткарган иштерин кескин сындады
Улан Ниязбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ЖКККББнын аткарган иштерин кескин сындады

2023-жылдын 3-ноябрында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Анда ИИМ башчысы Улан Ниязбеков  жол кырсыктарынын санын азайтуу боюнча дагы деле жетиштүү деңгээлде иш-чаралар жүргүзүлбөй жатканын айтып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишин кескин сындады. “Жол кырсыктары кескин түрдө азайбай жатат. Анткени, жол кырсыктарын төмөндөтүү боюнча алдын ала пландаштырып, иш алып барылган эмес.

Жергиликтүү жолдорго гана көңүл буруп, бирок сырткы маанилүү жолдорду көз жаздымда калтырып койдуңуздар.
Жол коопсуздугун камсыздоону уюштуруу үчүн, төрт багытка көңүл бурушуңуздар керек. Биринчи: жергиликтүү жолдорго, экинчи: айыл-шаар жана калктуу конуштардагы жолдорго, үчүнчү: мамлекеттик маанилүү жолдорго жана төртүнчү: эл аралык жолдорго көңүл буруп, иш алып барууну тапшырам. Даректүү талдоо боюнча карганда, 9 айда республика боюнча 4 миң 880 жол-унаа кырсыктары катталып, 489 адам каза болсо, анын ичинен жергиликтүү жолдордон 31 адам, айыл-шаар жана калктуу конуштардагы унаа жолдорунан 99 адам, мамлекеттик маанилүү жолдордон 39 адам жана эл аралык жолдордон 320 адам каза болгон.

Башкача айтканда, эл аралык жана мамлекеттик маанилүү жолдордогу профилактика иштерин күчөтүү зарыл. Дагы бир маанилүү учурга токтоло кетсем. Электросамокаттардын катышуусундагы жол кырсыктары улам барган сайын өсүп жатат. Бирок, ага көңүл бурган жоксуздар. Былтыр бир дагы электросамокаттын катышуусунда жол кырсыгы катталган эмес.
Быйыл 9 айда 58 кырсык катталып, анын кесепетинен 58 адам жаракат алган. Айрыкча, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун аймагында орун алып жаткандыгын белгилейм. Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, былтыр 765 айдоочу окуя болгон жерден качып кетсе, быйыл 786 айдоочу качып, бул көрсөткүч 21 учурга көбөйгөн.
Аны менен бирге, жол белгилерине баш ийбөө 23%га, адамдарды ташуу эрежесин бузуу 8%га, туура эмес маневр жасоо 16%га, рулда уктап кеткендер 12%га өсүп кеткен. Жол кырсыктарын алдын алуу, өздүк курамдын ишмердигине көзөмөл жүргүзүү начар экендигин билдирем. Түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыктан, коом арасында жана өздүк курамдын ичинде ар түрдүү укук, тартип жана мыйзам бузуулар орун алып келүүдө.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, “Бишкек-Ош” унаа жолунда 15-октябрдан тартып, кийинки жылдын 1-майына чейин автобус жана маршруттук унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды. Бул иш-чара кыш мезгили учурунда оор кесепеттер менен коштолгон унаа кырсыктарын алдын алууга багытталган. Коопсуздукту сактоого карата чечимди айрым айдоочулар жана жарандар туура эмес кабыл алып, нааразычылыктар жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, эл арасында, анын ичинде автобекеттерде, көчөлөрдө жана атайын посттордо айдоочулар менен жарандар арасында туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

Оор жүк ташуучу унаалар коому, айдоочулар ассоциациясы, айыл өкмөттөр, айыл башчылары жана жеке унаалары менен эл ташыган таксисттер арасында унаа кырсыктарын болтурбоо боюнча алдын алуу пропагандалык иштери туруктуу тартипте жүргүзүлсүн. Унаа кырсыктарын төмөндөтүү боюнча кошумча иш-чаралар уюштурулсун. Жер-жердеги ички иштер органдарынын жетекчилери менен биргеликте, “Унаа кырсыктарын болтурбоо жөнүндө” иш-мерчемдер иштелип чыгып, бекитилсин. Унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча берилген тапшырмаларды так аткарып, сапаттуу пропагандалык иш-чараларды жүргүзүүнү дагы бир жолу эскертем. 

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, “Коопсуз шаар” тутуму жана өздүк курамдын күжүрмөн ишмердигинин натыйжасында жол эрежесин бир тартипке келтирүү чараларын калыптандырып жатабыз. Аны менен эле чектелбестен, унаа кырсыктарына бөгөт коюунун заманбап санарип системасын түптөөнү колго алдык. Ушул тапта, жаңы жана сапаттуу натыйжалар менен мыйзамдык базаны өркүндөтүүнүн үстүндө аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Практика жүзүндө караганда, жол кырсыктарына катышкан жана эрежелерди бузган айдоочулар менен гана иш алып барып жатасыздар. Бирок, кырсыктарга түрткү болгон себептерди, анын кайталануусуна мүмкүн болгон кооптуу жагдайларды иликтеп, алдын алуу иштери уюштурууну тез арада колго алыңыздар. Бул багыттын атарылышын  толугу менен көзөмөлгө  алабыз”,- деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.       

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер