03.11.2023
Коомдук тартипти сактоодо начар иштеген жетекчилердин ишмердигине баа беребиз
2023-жылдын 3-ноябрында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.
Коллегияны жүрүшүндө Улан Ниязбеков: Өлкөбүздүн баш мыйзамы болгон Конституцияда – элдин кызыкчылыгын коргоо, аны сактоо жана чыңдоо үчүн майтарылбас эркти көрсөтүп, адам укуктары менен эркиндиктерин туу тутуп, баалуулуктарды урматтоо принциптери ачык-айкын көрсөтүлүп турат.
Баш мыйзамда белгиленген талаптарды так аткарууну айгинелеп, жөнгө салган мыйзамдар менен ченемдик-укуктук актылар бир тартипке келтирилип, азыркы мезгилде баардык тармактарда үзүрлүү иштеп жатканын жакшы билесиздер.
Алардын катарында, укук бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, калктын бейпил жашоосун камсыздоо, жаратылышты жана мекенди көздүн карегиндей сактоо, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү жана башка бир катар ченемдик-укуктук актылар элдин турмуш-тиричилигинде кызмат көрсөтүп келүүдө.
Мыйзамдардын негизинде, өлкөбүздүн ички тартибин бекем сактап, элге зыян келтирген баардык көрүнүштөргө каршы күрөшүү милдети - милицияга жүктөлгөн. Андыктан, ар бир жетекчи өзү жооптуу болгон аймактагы криминогендик абалга түздөн-түз жооптуу болуп саналат.Башкача айтканда, эч ким жоопкерчиликтен качып кутула албайт. Иш-милдеттерди жөнгө салган жаңы “Тартиптик уставдын” иштеп жататАнын негизинде, ишмердиги начар жетекчилерге катуу чечимдерди кабыл алабыз.
Эл үчүн кыпындай эмгек жасабаган, милициянын аброюн түшүрүп, элге уят кылган, өздүк курамдын таалим-тарбиясын жөндөй албаган, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоо жумуштарын бир нукка сала албаган, санарип тармагы боюнча аракети, түшүнүгү да жок жетекчилердин ишмердигине чекит коюуга убакыт келди. Буга чейинки коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде баарыңыздарга айтып, эскертип, жетиштүү убакыт бергенбиз. Берилген убакытты текке кетирип, милдетин так аткарбаган жетекчилерди ачык айтып, катаал жыйынтыктарды чыгарабыз. Себеби, алдыбызда дагы бир катар стратегиялык пландар, ошол эле мезгилде кыйынчылыктар турат.Бирок, ал сыноолорду өз ишин начар аткарган жетекчилер менен алып бара албайбыз.
Жоопкерчилик баарынан бийик турушу зарыл. Ошондуктан, өздүк курам арасында жеке кызыкчылыгы үчүн иштеген, моралдык принциптери жок кызматкерлерден биротоло арылуу жумуштарын алып барыңыздар.Ички иштер органдарында элге ак кызмат кылган, көкүрөгүндө намыс уялаган кызматкерлер иштеши керек.
Анткени, коомго туура жана калыс кызмат көрсөтүүгө баардык шарттарды түзүп бердик. Мындан ары оң натыйжаларды элге туура жеткирип, терс кесепеттерди жеринде жоюу боюнча токтоосуз түрдө зарыл чараларды көрүңүздөр”,-деди Улан Ниязбеков.
ИИМдин Басма Сөз кызматы