03.11.2023
"УНАА" Мамлекеттик иш канасы эс алуу күндөрү кандай иштейт
Урматтуу унаа ээлери!
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси 2023-жылдын 6-8-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасында дем алыш күндөрү деп жарыяланганына байланыштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү каттоо бөлүмдөрү аталган күндөрү иштебей тургандыгын билдирет.
Бирок, 2023-жылдын 4-5-ноябрь күндөрү саат 08:30дан 17:30га чейин төмөндөгү бөлүмдөр кадимки режимде иштешет:
1. Бишкек шаары, Ч.Валиханова көч. 2 (Аю Гранд соода борборунун 2-кабаты), дарегинде жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмү, сурап билүү телефону - 0312 44-76-43;
2. Бишкек шаары, Б.Алыкулова көч., 3/10 («2 прораба» соода борбору) дарегинде жайгашкан Батыш бөлүмү, сурап билүү телефону - 0312 88-86-14;
3. Чүй облусу, Военно-Антоновка айылы, “РИОМ-Авто” унаа базарынын аймагында жайгашкан Регион аралык бөлүмү, суроо билүү телефону - 0312 46-39-10;
4. Чуй облусу, Шопоков шаары, Машиностроительная көч. 26а дарегинде жайгашкан Сокулук-Москва бөлүмү, сурап билүү телефону- 0312 60-76-34;
5. Ош шаары, Кеңеш айылы, Көкүм-Бий көч. 168 дарегинде жайгашкан Ош шаардык бөлүмүнүн Ош-2 сектору;
6. Жалал-Абад шаары, Шопоков көч. 32 дарегинде жайгашкан Жалал-Абад региондук бөлүмү, сурап билүү телефону - 03722 50919.
ИИМдин “Унаа” ММдин Басма сөз кызматы