18.10.2023
Талас шаарында “Кылмыштуулукка каршыбыз” аттуу акция жүрүүдө
Талас шаардык ички иштер бөлүмү үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында “Зомбулукка каршы” аттуу 1 айлык акциянын негизинде жөө жүрүш уюштурду. Ага Талас шаарынын вице-мэри Салтанат Токтосунова, билим берүү мекемесинин өкүлдөрү, Талас ШИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Алмаз Шекербековдор башында болуп,коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматы активдүү катышышты. Жөө жүрүштө “Биз кылмыштуулукка каршыбыз”, “Зордук-зомбулуксуз жашоо” жана башка ушундай сыяктуу чакырыктар менен Талас шаарынын Атай Огомбаев көчөсүнөн баштап, шаарды аралай Чыңгыз Айтматов аллеясына чейин мектеп окуучулары плакаттар менен жөө басышты. Анда өздөрү тарткан сүрөттөрдү демонстрация кылып, плакаттарды кармап өтүштү. Өз сөздөрүндө, жаштар зордук-зомбулуксуз тынч өлкөдө жашоого татыктуу экенидигин жана ар бир адамдын укугу корголушу керектигин билдиришти. Жөө жүрүштүн аягында ШИИБдин башчысынын орун басары Алмаз Шекербеков сөз сүйлөп, зомбулук болгон учурларда кайдыгер карабай, милицияга билдирип, коом менен чогуу күрөшүү керектигин жана ички иштер бөлүмү күнү-түнү жарандардын укугун коргоого даярдыгын эскертти.
Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы