10.10.2023
Айтматов РИИБ: Кыздар коомдун күзгүсү
Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмү жана Балдар менен иштөө кызматкерлери Аманбаев айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте Аманбаев айылында "Адамдарды сатуунун алдын алуу", "Кыздар коомдун күзгүсү" аталышындагы иш чараны өткөрүштү. Иш чаранын максаты кыздарды адам сатууга дуушар болуп кордук көрүүнүн алдын алуу. Адам сатуунун факторлору, ага жол берген аракеттер жана билимсиздикти ачыктап түшүндүрүү. Кыргыз кыздары дайыма адептүү, билимдүү болуп бактылуу болууга татыктуу экенин пропагандалоо. Иш чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары адам сатуунун түрлөрүн жана аны болтурбоо жолдору тууралуу театрлаштырылган окуяларды ойноп көрсөтүштү. Тартылган сүрөттөрү аркылуу адам сатуудан жабыркаган аял затынын көргөн кордуктарын, ошону менен катары эле ийгиликке жетишкен бактылуу аялдардын жай турмушун чагылдырган сүрөттөрү менен жарыялашты. Кыздар улуттун келечегин улаган күзгүсү, коомдун түркөгү экендигин жана ал үчүн биринчиден сабаттуу болуу керектигин белгилешти.
Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы





