facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.09.2023

Чет элдик инвесторлордон өзгөчө ири өлчөмдө (200 миң АКШ доллары) акча каражатын талап кылган жарандар кармалды

Чет элдик инвесторлордон өзгөчө ири өлчөмдө (200 миң АКШ доллары) акча каражатын талап кылган жарандар кармалды
Чет элдик инвесторлордон өзгөчө ири өлчөмдө (200 миң АКШ доллары) акча каражатын талап кылган жарандар кармалды
Чет элдик инвесторлордон өзгөчө ири өлчөмдө (200 миң АКШ доллары) акча каражатын талап кылган жарандар кармалды

2023-жылдын 24-сентябрь күнү КР ИИМдин тергөө кызматына Х.С. аттуу башка мамлекеттин жараны арыз менен кайрылган. Анда, 2023-жылдын 22-августунан 16-сентябрына чейинки убакытта Н.Т. аттуу арыздануучунун таанышы «Ислам» жана «Фазиль» аттуу уулдары менен кылмыштуу сүйлөшүп, белгисиз маркадагы ок атуучу курал менен анын үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутуп, башка өлкөнүн үч жаранына арыздануучуга карата арыз жазууга мажбурлашкан. Анда, Президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардан ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп билдирген.

2023-жылдын 16-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Т.Н. Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде болуп, Х.С.ны каматам деп жана жогорку кызматтагы адамдар  менен коркутуп, республиканын укук коргоо органдары ага карата материалдарды жана арыздарды чогултуп жаткандыгы тууралуу терс маалыматтарды берип, дагы бир жолу жакшылап ойлонорун айтып кеткен.

2023-жылдын 17-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Т.Н. борбор калаада жайгашкан кафелердин биринде Х.С.ны шантаж кылууну улантып, жумушчулардын арызы менен коркутуп, 200 миң АКШ долларын талап кыла башташкан.

Ошол эле күнү бул кылмыш ишинин алкагында 1978-жылы туулган Н.Т.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын “BMW X7” үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңги заты, темир кастети жана 11 даана патрондор табылып, алынган. 

Аталган кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык, 2001-жылы туулган Н.И., 1997-жылы туулган М.Ф., башка өлкөнүн жараны кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Ал эми, 2023-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык 1978-жылы туулган Н.Т. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер