facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.09.2021

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата   ИИМдин Күзөт кызматынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

Кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү  мамиле кылгандыктарына, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымдарын кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын  ИИМдин медалдары менен сыйланышты.

Жыйынтыгында, ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Дамирбек Исаков кесиптештерин майрамы менен куттуктап, жылуу сөздөрүн айтып, ийгилик каалады.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер