04.09.2023
ИИМдин КИББнын үчүнчү башкармалыгы: Чүй облусунун тургуну кармалды, анын жанынан курал жана баңги заты табылган
2023-жылы жазында Кыргыз Республикасынын ИИМдин 3-Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан азиат улутундагы адамдар Чүй облусунун аймагында банги зат ташып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган.
Аталган факт боюнча Чуй облусунун Ыссык-ата РИИБси 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) фактысы менен кылмыш иш козголгон.
Милиция кызматкерлери бир нече ай бою баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана башка кылмыштарды жасоо фактыларын аныктоо максатында топ адамдардын үстүнөн ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп келишкен.
2023-жылдын 1 сентябрында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ыссык-Ата РИИБнын тергөө кызматы, атайын операциялар отрядынын (спецназ) кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө иш чаралары жүргүзүлгөн. Чүй облусунун Кант шаарынын Гагарина жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү адамды кармоо учурунда шектүү жаран өзүнө тийешелүү болгон Лексус-470 үлгүсүндөгү автоунаасы менен милиция кызматкерлеринин автоунааларын сүзүп качып кетүүгө аракет жасаган. Бирок ага карабастан мурда сот жообуна бир нече жолу тартылган, криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышы бар Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну 1983-жылы туулган А. уулу М. кармалган.
Аталган «Лексус-470» үлгүсүндөгү унаасынын ичин кароодо, чөнтөкчөнүн ичинен ТТ үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана өзгөчө спецификалык жыты бар кара кочкул түстөгү заттар (гашиш бңги заты) табылып алынган.
Алынган далил буюмдар жана заттар экспертизага жөнөтүлдү. Ал эми, кармалган жаран А.уулу М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда, бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы